2022-жылдын 10-сентябрында түнкү саат 23:10 чамасында «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда  Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Интерпол” Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери менен УКМКнын чек ара кызматкерлери тарабынан  Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Б.Э. кармалган. Издөөнүн демилгечиси Түркия Республикасынын укук коргоо органдары болуп саналат.

Түрк тараптын айтымында, кармалган жаран Б.Э. өз үйүндө интимдик кызмат көрсөтүү үчүн сойкукана уюштуруп, жашы жете элек 6 кызды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган жана эркектерге интимдик кызмат көрсөткөндүгү үчүн берген акчаларын алып жүргөн.

Ал эми, аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган учурда жаран Б.Э. изин жашыруу максатында Түркия мамлектинин аймагынан жашыруун чыгып качып кеткен.

Шектүү жаран Б.Э. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу максатында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, Интерполдун Улуттук борбордук бюросу (УББ) менен Казакстан Республикасынын Улуттук борбордук бюросу биргеликте Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасаган алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн 1974-жылы туулган А.Ж. кармалган.

Азыркы учурда шектүү жаран Кыргыз Республикасына экстрадицияланып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМК-1 Тергөө абагында камакта.

 КР ИИМдин Басма сөз кызматы