Кылмыш-кырсык

Кумтөрдүн ишин текшергенден кийин Башкы прокуратура үч кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерип, үч кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти.

Бул фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу» беренеси боюнча кылмыш иштери козголгону такталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Буга чейин Кумтөрдө аныкталган каржылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, азык-түлүк, тетиктер базар баасынан жогору баада сатылып алынганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу, буга чейин Кумтөрдү жетектеп келген Теңиз Бөлтүрүк жана каржы директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан алынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button