17-сентябрга караган түнү Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген маалымат боюнча, Тажикстан менен чектеш аймактагы куралдуу кол салуудан Кыргызстандын 24 жараны каза тапты.
Саат 01:30га карата 87 жабырлануучу ооруканага жеткирилип, анын ичинен бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
— Баткен облустук бириккен ооруканасында — 28 жабырлануучу;
— Лейлектеги ооруканада — 21 бейтап;
— Кулундуда — 3 адам;
— Сүлүктүдө — 3 жабырлануучу;
— Бишкектеги Улуттук госпиталда — 20 адам
— Бишкектеги Улуттук хирургия борборунда — 1 адам;
— Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда — 6 жабырлануучу бар.
Баткен облустук бириккен ооруканасына 12 адамдын, Лейлектеги жалпы дарыгерлер практикалык борборуна 10 адамдын, Кулундудагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна 2 адамдын сөөгү жеткирилген