Коом

Баткенде түн тынч өттү, бирок чыңалган абал сакталууда

Кыргыз-тажик чек арасында саат 9:00гө берилген маалымат боюнча кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалган бойдон калып, бирок турукташуу тенденциясы байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Түн тынч өттү, окуялар катталган жок. Анткен менен тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык айылына минометтон ок чыгарды. Саат 8:55те аткылоо токтотулду.

УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусуна караштуу аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Абалды турукташтыруу боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатканы белгиленди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button