УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга кирип, ал жакта кармалып жаткан чек арачыларды бошотуп чыкты. Маалыматты  УКМКдан билдиришти.

Баткен облусунун бийлиги, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин ок атышууну токтотуу, куралдуу  күчтөрдү чыгарып кетүү жана кырдаалды турукташтыруу боюнча эки тараптуу кыргыз-тажик макулдашууларын камсыздоо боюнча иштер улантылууда.

Чек арага жакын аймактардын калкынын коопсуздугун камсыз кылуунун алкагында К.Ташиев тажик кесиптеши менен дайыма байланышта болууда.

Бүгүн түштөн кийин К.Ташиев укук коргоо органдарынын жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Тажикстандын аймагында болуп, тиешелүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Мамлекеттик комитеттин чек ара кызматынын төрт аскер кызматкерин бошотууга макулдук берген.

Маалыматтарга караганда, 4 чек арачы бошотулган. Саат 21:00дө Ташиев 4 чек арачы менен Кыргызстандын аймагына кирген.