«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК Бишкек шаарынын №11 кичирайонунда көп функционалдуу турак жай комплексин долбоорлоо, каржылоо жана куруу боюнча инвестициялык сынак жарыялайт.

Сынак шаарды өнүктүрүүнүн алкагында көп функционалдуу турак жай комплексин жана инфраструктуралык объектилерди курууга инвестицияларды тартууга багытталган.

Сынактын жеңүүчүсү Инвестициялык келишимге кол коюлган күндөн тартып 60 айдан ашпаган мөөнөттө өзүнүн жана колдо болгон зайым каражаттарынын эсебинен иштеп чыгуу жана Бишкек шаар куруу кеңешинин кароосуна коюу боюнча иштердин толук көлөмүн аткарат.

Конкурс эки этапта өткөрүлөт.

Техникалык жана квалификациялык талаптарды камтыган документтердин пакети сынак жарыяланган күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.

Сынактын катышуучуларына жана инвестициялык конкурстук долбоорго коюлган талаптар менен төмөнкү дарек боюнча кайрылып кеңири маалымат болот: Бишкек, көч. Токтогул 228. Маалымат үчүн телефон 0 (312) 61-06-80, +996 (700) 11-18-87.