Анын айтымында, учурда атайын түзүлгөн комиссия келтирилген чыгым жана зыянды эсептөөдө.

“Облуста 618 үй талкаланган, анын 453ү кайра курулат. Ал эми 165 үй толук ремонтко муктаж”, — дейт ал.

Алимбаев Баткендеги бардык мектеп директорлоруна эвакуацияланган балдарды эч кандай маселе жок мектепке орнотуу боюнча тапшырма бергенин кошумчалады.