Коом

Таалайбек Сарыбашов айрым миллионерлер жөлөк пул алып жатканын айтты

Кыргызстанда жөлөк пулдар даректүү төлөнүшү керек. Бул тууралуу депутат Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын көчмө жыйынында билдирди.

Анын айтымында, миллионерлер да жөлөк пул алган учурлар болгон.

«Мен райондордо иштеп жүргөндө Ош облусунун губернатору болуп, Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен тыгыз иштешкем. Жөлөк пул алгандардын тизмесин анализдеп көрдүк. Көрсө, ири дүкөндөрдүн, ресторандардын ээлери ар кандай жеңилдиктерди алышат, чоң кызматта иштегендер дагы бар экен. Биздин кийлигишүүбүздөн кийин алар жөлөк пул албай калышты, аткаминерлер иштен алынды же которулду», — дейт Таалайбек Сарыбашов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button