Кыргызстанда кызылча кантын өндүрүү башталды, бирок белгилей кетсек, Бразилиядан алынып келинген чийки кумшекерден да өндүрүлөт. Экономика министрлиги базардагы баанын абалы боюнча маалымат берди.

Министрлик республика кант менен камсыз болгонун, тартыштык жок экенин жана бааларды турукташтыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар тууралуу билдирүү жасады. Маалыматка таянсак, 31-октябрга чейин КНСтин нөлдүк ставкасы иштейт жана ЕЭКтин аянтында да 2023-жылга КРга кум шекерге жана чийки кантка квота бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Буга чейин ири жана чекене соода түйүндөр менен өлкөбүздө өндүрүлгөн кумшекерди калк үчүн арзандатылган баада сатуу боюнча келишимдер түзүлгөн (бир кг – 78 сом, бир кишиге күнүнө 1 кг чек менен). Шекерди 85 сомдон чектөөсүз сатып алса болот, бирок өлкө сыртына алып чыгууга убактылуу тыюу салынып, баалар такай көзөмөлдөнүп турат.

Жогорудагы көрүлгөн чаралар кант рыногун турукташтырууга алып келген жана Кыргызстандагы канттын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн.

Кант рыногунда бааларды турукташтыруу режимин колдоо максатында «Кайыңды Кант» ААК жана «Кошой» ААК заводдорунун жанында кумшекерди эркин сатуучу фирмалык чекене дүкөндөр ачылган. Бүгүнкү күндө заводдон чыккан кумшекердин дүң сатуу баасы 1 кг 79 сомдон болууда.

КРда 2022-жылдын август айында кантка орточо рыноктук баалардын динамикасы 1 кг 90.7 сомду түзгөн, ал эми сентябрь айында кантка баанын төмөндөшү байкалган, бул кантка бааны кармап туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга байланыштуу болгон.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында Кыргызстан 35 млн долларга Бразилия, Индия, Афганистан өлкөлөрүнөн дээрлик 70 миң тонна кумшекер импорттогон.

Буга чейин,  республикага негизинен Индиядан чыгарылган кум шекер алынып келинип жаткан. Ал эми “Кайыңды-Кант” ААК жана “Кошой” ААК заводдору Бразилиядан алынып келинген чийки кум шекерден өндүрүп жатышкан. Логистикадан улам, базарларда сатылып жаткан кум шекердин баасы ата мекендик кант кызылчасынын кум шекерине караганда жогору болуп жаткан эле.

Булак: Economist.kg