Кылмыш-кырсык

Мас абалда интернетте билдирүү жасаган аял 1 жылга кесилди

  Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук соту 13-сентябрда Бишкек шаарынын тургуну Евгенияга (аты өзгөртүлдү, В.Е.) өкүм чыгарды. Ал улуттар аралык кастыкты козуткан билдирүү жазган деп айыпталган.

Тактап айтканда, Евгения 9-апрелде социалдык тармактагы баракчасына кыргыз элин мазактаган, башка улуттун бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын пропагандалаган билдирүү жарыялаган. Соцтармакта анын билдирүүсү сынга алынган.

Айыптоочунун айтымында, Евгениянын билдирүүсү улуттар аралык жаңжалга алып келиши мүмкүн.

Евгения сот отурумунда күнөөсүн мойнуна алган. Ал билдирүүнү мас абалда жазганын, өкүнүп жаткан айтып, эркиндигинен ажыратпаган жаза берүүнү суранган.

Жыйынтыгында Евгения Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ал жазасын катаал режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button