Улуу Британияда тарыхтагы эң ири куш тумоосу аныкталды Бул тууралуу Daily Mail басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө чейин үч миллиондон ашык канаттууларды жок кылууга туура келди жана Англиянын түштүк-батышында канаттуулардын тумоосун алдын алуу зоналары киргизилди. Куш тумоосу Улуу Британиянын 155 жеринде табылган.

Жапайы канаттуулардын популяциясы катуу жабыркаса да, канаттууларды өстүргөн фермерлер үй канаттуулары үчүн көбүрөөк тынчсызданууда.

Айлана-чөйрөнү коргоо, тамак-аш жана айыл иштери боюнча департаменти (DEFRA) бир катар аныкталган учурлардан кийин куш тумоосунун алдын алуу аймактарын кеңейтти. Эми мыйзам боюнча менчик ээлери биологиялык коопсуздуктун катуу чараларын сактоого менен – 500дөн ашык канаттуулардын ээлери өндүрүшкө тиешеси жок адамдардын фермага кирүүсүнө чектөө коюуга милдеттүү.

Учурда дыйкандарга оорудан өлгөн канаттууларга эмес, ден-соолугу чың канаттууларды жок кылганы үчүн гана компенсация төлөнүп жатат.