Акыйкатчы А. Абдрахматова Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор мырзадан Баткен облусунун тынч элине каршы тажик аскерлеринин адамкерчиликсиз, куралдуу агрессиясын чечкиндүү айыптоо менен Тажикстанды чек ара айылдарынын жай тургундарына каршы куралдуу жана башка чагымчыл аракеттерди токтотууга мажбурлоо чараларын көрүүсүн өтүндү.

Жайкын элге каршы жасалган бардык кылмыштар үчүн жоопкерчилик болоорун Тажикистанга билдирүү менен, бүткүл эл аралык демократиялык коомчулук үчүн артыкчылыктуу милдети болгон адам өмүрүн, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бардык эл аралык укук коргоо уюмдардын ишмердүүлүгүн күчөтүүсүн суранды.

Маек учурунда, Омбудсмен А. Абдрахматова Евробиримдиктин атайын өкүлүнө 19-сентябрдан бери Акыйкатчы аппарат кызматкерлери менен бирге Баткен облусунун бардык жабыркаган айылдарын кыдырып, 400дөн ашык жай тургундар менен, алардын көбү Тажикстандын аскер агрессиясынан улам качууга аргасыз болгон аялдар менен маектешкенин билдирди.

Бардык жолуккан жарандардын так маалыматынын негизинде Акыйкатчы төмөнкүгө токтолду, 2022-ж. 16-сентябрында алдын ала пландалган тажик аскер агрессиясынын, адамгерчиликсиз чек ара айылдарынын тынч элин аткылоолорунун натыйжасында Кыргызстандын 60тан ашуун жараны, анын ичинде он беш жаштагы кыз каза болгону, жабыркагандардан – 20дан ашыгы жаш бала, 20дай аял, алардын бир нечесинин абалы дагы эле оор. 140 миңден ашык жаран, биринчи кезекте балдар, кары-картаңдар, аялдар жана майыптуулугу барлар өз өмүрүн сактап калуу үчүн тез арада үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир нече айылдын калкы азыр үйүнө кайтып келе турганга шарты жок. Кээ бир үйлөр толугу менен тонолгон жана өрттөлгөн, көпчүлүк аткыланган айылдардын тургундарынын малы уурдалган, жыйналган түшүмдөрү уурдалган же өрттөлгөн.

Лейлек районунун Максат айылындагы мектепти жана бала бакчаны сабак учурунда тажик аскер кызматкерлери эч бир аёсуз аткылаган. Ок атууну токтотуу талабына карабастан, агрессорлор Баткен районунун Ак-Сай жана Достук айылдарындагы мектептерди, бала бакчаларды жаш балдардын барына карабай аткылап, басып алып, жабдуулдарды талкалап, өрттөгөн. Мектеп кароолчусун, ошондой эле үйүнөн качып кете албаган бир майыптуулугу бар адамды мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Шашылыш качуу гана аткылоо учурунда бала бакчаларда жана мектептерде калган балдарыбыздын өмүрүн сактап калды. Эми алардын жашоосу эч качан мурункудай болбойт, балдардын бактысы, кыялдары талкаланып, аскердик агрессиянын балдарга келтирилген зыяны узакка созулаарына Акыйкатчы өзгөчө токтолуп, көптөгөн балдар дагы эле катуу үндөн коркушаарын, түнкүсүн начар уктап, ыйлап, кээ бирлери сүйлөбөй калгандыгын Евробиримдиктин атайын өкүлүнө маалымдады.

Кошумча маалымат катары Акыйкатчы 2022-жылдын тогуз айында гана Тажикстандын ар кандай куралдуу провокацияларынан улам карапайым калк үйлөрүн төртүнчү ирет таштап кетүүгө аргасыз болгондугун айтып, акыркы бир жылда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын ар кайсы тилкелеринде Тажикстан тарабынан 15тен ашык куралдуу чагымчыл аракеттер катталганын Евробиримдиктин атайын өкүлүнө баса белгиледи.

Маектешүү учурунда Акыйкатчы 2021-жылдын 21-апрелинде Баткен облусунда Тажикстандын агрессиясынын натыйжасында 36 жайкын тургун набыт болгонун, анын ичинде 12 жаштагы кыз жана 3 жашар бала болгонун эске салды. 12 жаштагы кызды үйүнүн алдында, жаш апасы менен сиңдисинин көзүнчө аткылап кетишкендигине көңүл бурду.