Коом

Өткүрбек Рахманов: «Кыргызстандын чек арасы жакынкы күндөрү 16 000 гектарга чоңоюп жатканы “кубандырды”

УКМК төрагасынын жардамчысы Өткүрбек Рахманов Өзгөндө эл менен жолугушуу аяктаганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун жашоочулары жана башка чек ара маселесине байланыштуу маалыматтарга кызыкдар тургундар менен жолугушуусу аяктады.

Жолугушууга келип, кирбей калгандар болбошу үчүн чогулгандар эки бөлүк менен киргизилди.

Жолугушууда айтылбаган сөз калбады сыягы. Бүгүнкү бийликти жамандагысы келгени жамандады, мактагысы келгени мактады,  калыс болуп, акты ак, караны кара дегени калыс сөзүн айтты.

Келгендер ар бир суроосуна түшүнүктүү жана так жообун алган соң, Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасына байланыштуу аткарылган жумуштарды колдойсузбу же каршысызбы деген негизде колго салынды.

Чогулган элдин дээрлик 90 пайызы макул экенин билдирди. Албетте 5-6 киши каршы экенин айтып чыкты.

Бирок негедир жолугушууга кирип, айтаарын айтып чыгып алып, «мени киргизбей койду» деп интервью берип жаткандарды да көрдүк.

«Регион» телеканалы гана тартып жүрөт деген ушак сөздөр да айтылыптыр. Андай эмес.

Жыйында эч кандай сьемка болгон жок.

Атүгүл телефондор да киргизилбеди.

Сыртта болсо, адашпасам 20 чакты журналист кесиптештер өз ишин аткарып жүргөнүн көрдүм. Өздөрү калыс сөзүн айтаар…

Чогулган элди чындыгында «Кыргызстандын чек арасы жакынкы күндөрү 16 000 гектарга чоңоюп жатканы «кубандырды”, — деген ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button