«Кемпир-Абад эмес, Ошту көрө элегиң деле серепчи болуп жатасыңар, бул туура эмес!» — деген пикирин журналист Айтурган Сатиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу блогерлер, айрым кесиптештер жана өзүн-өзү эксперт жарыялагандар! Кемпир-Рават (Кемпир-Абад) тууралуу билбесеңер ооз ачпай эле койсоңор. Ошол жердин кызы катары кайрылам, өмүрү басып барбай туруп, жердин жайгашуусун, тарыхый, географиялык, коопсуздук жбус көп жагдайларды түшүнбөй туруп, жергиликтүү жашоочулардын пикирин “адашуу” катары чагылдырганга ашыкпагыла!

Ырыскың түгөнбөсө бир сындырым нан кайда болсоң табылат. Адамдык абиир алдында, урпактардын алдында Арзыматтык кылганды токтоткула!

Кемпир-Рават эмес, Ошту корө элегиң деле серепчи болуп жатасыңар, бул туура эмес! Келгиле, адам бойдон калалы!» — деп жазган ал.