Каракол шаарында Кыргызстан боюнча эң биринчи таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу боюнча Белорусиялык компания менен келишимге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, завод “Каракол өсүү чекити” долбоорунун алкагында республикалык бюджеттин эсебинен курулмакчы. Долбоорго 135 млн сом бөлүнүп, тендерди 111 млн сомго Белорусиялык “Сифания Экотехника” компаниясы утуп алган.
«Тендер бардык компаниялар үчүн ачык, бирдей шарт менен уюштурулган. 111 млн сом заводду курууга жумшалса, калган 24 миллион сомго завод орун алчу жерге ангар жана башка жумуштар аткарылмакчы. Заводду алып келип, орнотуу 90 күн ичинде ишке ашышы керек, ноябрь айында бардык жабдыктар алынып келинип, декабрь айында жумушчуларды окутуу процесси жүрөт», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, долбоордун негизинде 40-50 жумушчу орун түзүлөт. Таштандынын бөлүү иштери азыркы полигондо орун алат, ал эми кайра иштетүүчү процесстери Каракол шаарынын “Тазалык” ишканасында болот.