Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 129-чакырымында 10-14-октябрь күндөрү жүргүзүлөт.

«Иштин башталышы керектүү адамдык, техникалык каражаттарды жана механизмдерди даярдоо менен автотранспорттун жана темир жолдун кооптуу участокторун тосуу аркылуу жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол саат 09:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат.

Белгилей кетсек, жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.