Коом
11-октябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө таза суу өчүрүлөт
Эртең, 11-октябрда Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдө таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, саат 9:00 — 22:00 аралыгындагы чектөө «Бишкек суу канал» башкармалыгындагы өндүрүштүк-эксплуатациялык иштерге байланыштуу.
Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циолковский, Тимур Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү менен чектешкен аймакта, Жумушчулар шаарчасында таза суу өчүрүлөт.
Ошондой эле Ак-Өргө, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнөн тарта түндүк тарап), Теңир-Тоо (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн тарап) конуштарында таза суу жок болот.