Кыргызстан Өзбекстанга 4485га жер берип, ордуна 19699га жер алды. Бул тууралуу билдирүүнү, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетитинин жыйынында, кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо маселеси тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Кемпир-Абад турган 4485 гектар суунун жери Өзбекстандын карамагына өткөрүүгө макулдашылды. А бирок сууну тең башкаруу келишимин кеңешишти. 8 кишиден турган башкаруу ишкана курулуп, эки өлкөдөн 4төн киши сууну башкарат.

«Мындай келишим эки өлкөгө тең пайдалуу. Анткени айтылган 19699 гектар жерди кайтарып берип, Кемпир-Абадды толук бойдон өлкөгө алып калсам болмок. Бирок, анда Өзбекстандын 2 миллион гектар жери сугатсыз калмак. Кыргызстан дагы бир канча айдоо жана жайыт жерден айрылмак», — деди Ташиев.

Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн жерлердин тизмеси:

Гавасай — 12 872га
Көк-Серек айылы — 105 га
Баястан — 212 га
Үңкүр-Тоо — 35 га
Ак-Таш — 100га
Шарихан-Сай 19,5 га
Кара-Белес 25 га
Өзгөн жана Сузак райондоруна — 1000 га