Коом

Аскар Жаныбеков: 2024 -жылы Кыргызстанда ирригация маселесиндеги көйгөйлөр толугу менен жоюлат

Кыргызстанда 2024-жылы ирригация маселесиндеги көйгөйлөр толугу менен жоюлат. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков журналисттерге билдирди.

«Биз айыл чарбасынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары ирригация тармагын өнүктүрүүнү колго алдык. Себеби ирригация түйүндөрүн жакшыртуу жана куруу – аймактарды өнүктүрүүнүн комплекстүү маселеси. Мисалы эле алсак, былтыртадан баштап, ички чарбалык каналдарды оңдоп-тазалоо иштеринини жыйынтыгында суунун жоготуусун 10% кыскарта алдык», — деди министр.

Анын айтымында, Кыргызстанда айыл чарба тармагына 8 млрд ашуун суу бөлүнсө, дыйкандарга анын 50% гана жетип жатат. Бирок Айыл чарба министрилиги аз убакыттын ичинде гана суунун дыйкандарга жеткирүү өлчөмүн 20% көбөйтүүгө үлгүргөн.

«Учурда суу чарба башкармалыктарынын балансында 5800 км ички чарбалык канал бар болсо, анын көпчүлүк бөлүгүндө оңдоп -түзөө, тазалоо иштери аяктады. Республика боюнча 315 насостук агрегат бар болсо, анын 72 насосун жаңысына алмаштырдык. Эгерде мурда ирригация тармагына жылына 163 -167 млн сом бөлүнүп жүргөн болсо, быйыл бул сумманы 1млрд 100 млнго чеийин, башкача айтканда 7 эсе көбөйттүк. Бул бюджеттен гана бөлүнгөн акча, ал эми айыл өкмөтү, жергиликтүү калк дагы өз алдынча каналдарды тазалап жатышат. Ал башка кеп», — деп белгиледи министр.

Аскар Жаныбековдун айтымында, Кыргызстандын аймагында Союз мезгилинен бери калган 12 миңден ашуун скважина бар.

«Анын ичинен 92% же 1 мин 486 скважина сугат иштерине багытталган (мелиоративный), алар Айыл чарба министрлигине тиешелүү, калганы Союз тарагандан кийин ээси жок болуп калып калган. Биз азыр ошол скважиналарды дагы инвентаризацидан өткөрүп, дыйкандарга бергиле деп жатабыз. Ошондой эле жакынкы арада Бишкек -Нарын-Торугарт жолунда айланма Чуй каналын куруу иштери башталганы турат. Бул долбоордун ишке ашуусу сугат суу маселесиндеги бир топ көйгөйлөрдү чечет. Мына ушундай иш-аракеттердин натыйжасында, 2024 жылы Кыргызстандагы ирригация маселесин толугу менен аяктайбыз деген чоң ишенич бар», — деди Жаныбеков.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button