Кечээ, 13-октябрда Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Социалисттик эмгектин баатыры Гапар Айтиевдин 110 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин  басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалым болгондой, иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Эл артисти Асаналы Бейшеналиев, Гапар Айтиевдин уулу Сатар Айтиев жана бир катар өнөр адамдары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев тууралуу эскеришип, анын кыргыз маданиятына кошкон салымын айтылды.

Гапар Айтиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында 1912-жылы 28-сентябрда жарык дүйнөгө келген. 20 жашында Агартуу институтун бүтүрүп, эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. 1935-38-жылдары Москвадагы көркөм окуу жайында окуп, ал жакта көлөмдүү эмгектерди жараткан алгачкы кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн бири болгон. Сүрөтчүнүн эмгектери Германия, Кытай, Канада, Япония, Швеция, Бельгия, Польша, Монголияда көрсөтүлгөн, айрымдары азыркыга чейин Москва, Алматы, Казань, Львов, Бакудагы музейде сакталуу. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, 1940-жылдан 1968-жылга чейин Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин алты жолку чакырылышынын депутаты болгон.