Бүгүн, 14-октябрда республиканын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +21…+26,

Таласта +20…+25,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл чөлкөмүндө +14…+19,

Ош шаарында +25…+27

Нарын өрөөнүндө +15…+20 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +24…+26 градус болот.