Коомдук ишмер, меценат Аскар Салымбеков  «Дордой» ассоциациясы Баткенге  жылууланган 10 (контейнерден талапка ылайык жасалган) үй жиберди.

Бул үйлөр Тажикстандын кол салуусунан жабыр тарткан Лейлектин Максат айылынын жашоочуларына берилмекчи. Ар бир үйдүн ичи 30 чарчы метрди түзүп, 5 млн. сом кеткен.

Эске сала кетсек, «Дордой» ассоциациясы 2021-жылы  Максат айылына 31 млн. сомго заманбап бала-бакча салып берген.