Коом

«Альянс Алтын» жардам берген дыйкандар мол түшүм алышып, пайдасын эл менен бөлүшүүдө

Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын алдында түзлүгөн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусу айыл чарбасын жогорулатуу максатында фермерлерге, дыйкандарга ар кандай жардамдарды берип келет.

Алардын бири социалдык долбоор катары эки жылдан бери ишке ашып келе жаткан жогорку сапаттагы үрөөндү куруктарды дыйкандарга жайылтуу. Кен жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнөн кайрылган дыйкандарга жазында 14 тонна картошканын үрɵɵнү таратылып берилген. «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусунан билдиргендей мындай долбоорлор үч тараптуу пайдасын берет. «Биз эки жылдан бери Бекмолдо айыл өкмөтүнөн кайрылган дыйкандарга мыкты сапаттагы 14 тонна картошканын үрɵɵнүн таратып берүүдөбүз. Дыйкандар кайрадан түшүмдөрүн жыйнаганда алган көлөмүнөн эки эселеп кайтарып беришет. Ал кайтарылган картошкалар Таластагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, балдар үйүнө, муктаж болгон социалдык мекемелерге таратылып берилет. Үч тарап пайда көрөт дегенибиз; биринчи тарап бир тонна үрɵɵн алган дыйкан 10 тоннадай түшүм алат. Экинчиси бул жогорудагы картошка жардам катары тартылган тараптар. Үчүнчүсү болсо биз алып берген жакшы урукту дыйкандар айылдаштарына жыйылтып, алар дагы мыкты үрɵɵндɵр менен камсыз болушкандар», – дейт «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду.

Мындай долбоор менен Талас районунун картошка чарбасын жогорку түшүмдүүлүккө чыгара алабыз деген дыйкан Өзгөнбек Турдалиев фондго ыраазы. «Алгач эле мындай жакшы жардамы үчүн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусуна ыраазычылык билдире кетели. Мына 2 жылдан бери ушул долбоордон пайдаланып келе жатам. Сунуштаганадардын бири дагы өзүм элем. Бизге фонд алгачкы продукциядагы үрɵɵндɵрдү Ак-Суу районунан алып келип берет. Былтыр дагы бир тонна уруктан 10 тоннанын тегерегинде түшүм алганбыз. Түшүмүн айылдаштар эле урукка деп сатып алышкан. Быйыл атайын барып кыдырып көрдүм, алар дагы жакшы түшүм алышып, ырахматын айтышууда. Быйыл дагы мол түшүм алдым буйруса. Дыйкандарга мындай жардамдар жакшы эле өбөлгө болууда», – дейт дыйкан.

Андан тышкары бекер картошка менен камсыз болгон Талас шаарындагы 70тен ашык үй-бүлө, социалдык мекемелердин кызматкерлери мындай камкордугу үчүн «Альянс Алтын» компаниясына ыраазычылыгын билдиришти. Алардын бири «Бакай Ата» карылар үйүнүн чарба башчысы, Байболотов Тууганбай фонд тарабынан экинчи жылы картошка берилгенин айтты. «Былтыркы жылы дагы картошка алганбыз бекер. Быйыл дагы 46 кап картошка алып келип беришти. Бул бизге аябагандай чоң жардам. Биздин мекемедеги 70тен ашык карыларыбыздын атынан компанияга ыраазычылык айтабыз», – дейт Т. Байболотов.

Мааалымат катары: «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусу 2016-жылы Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан (алгач Бакубат Талас деген аталышта) түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин «Альянс Алтын» ЖЧКсы аталган фондго 900 миллион сом каражат которду.

Нургазы Айтмырзаев

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button