Бүгүн, 19-октябрда Кыргызстанда 7 миллионунчу жаран Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында төрөлдү. Ага президент Садыр Жапаров Жакшылык деген ысым бергендигин парламенттин төрагасы Нурлан Шакиев билдирди.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген ыкчам маалыматтарды эске алуу менен өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күн айтылып, эсептелген маалыматтар боюнча бул маанилүү окуя 20-октябрга чейин болушу керектигин айтышкан.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап, калктын саны 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарынын негизинде эсептелине баштаган. Жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде быйыл Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жете тургандыгы аныкталган. Улутстаткомдун баалоосу боюнча 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6  млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, Кыргызстандын калкынын саны өсүп жатат. Акыркы жылдары республикада болуп жаткан демографиялык процесстер калктын санынын өсүшүнүн жогорку темпи менен мүнөздөлөт. Төрөлүүнүн жогорку деңгээли сакталууда, бул калктын санынын көбөйүшүн камсыздайт. Ал эми тышкы миграциянын балансы терс бойдон калууда, бирок акыркы жылдары анын көлөмү бир топ төмөндөдү.

Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Курамаев Тынчтыкбек 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.