Бишкек–Ош трассасынын 425-чакырымында болжол менен 50 куб таш кулап, жолду эки тараптуу жаап калган. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерине үч куткаруучу жана эки бирдик оор техника, облустук ЖКККБдан бир экипаж тартылып, аталган жол саат 15:13тө бир тараптуу ачылды.

Учурда тазалоо жумуштары уланууда.

ӨКМ узак жолго чыккан айдоочуларды 500 метр аралыкты так сактоого чакырат.