Коом

Акылбек Жапаров: “Баткенде каза болгон аскер эмес жарандарга 1 миллион сомдон компенсация берилет”

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, бүгүн 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, Баткен боюнча маалымат берди.

“Биз жалпысынан 6 млрддан – 8,5 млрд сомго чейинки каражатты Баткен облусундагы жабыркаган үйлөрдү, объекттерди калыбына келтирүүгө, жолдорду салууга, компенсацияларга, облусту өнүктүрүүгө ж.б.ларга карап жатабыз. Керек болсо дагы бөлүп берүүгө каражат табабыз. Каза болгондорго компенсация өзүнчө бюджет менен кетет. Каза болгон аскер эмес 15 жаранга 1 млн сомдон берилет. Жарадарларга да жаракатына жараша компенсациялар төлөнөт. Чечим чыкты.
Ал эми аскер адамдары боюнча ар бир каза болгон баланын өздүктөрү аныкталып, канчадан алары боюнча суммалары такталды, укуктук-ченемдик документтерди тийиштүү органдар иштеп жатышат. Үйлөрдү калыбына келтирүү иштерин биз биринчи күндөн баштаганбыз. Кыш түшкөнгө чейин киргизүү аракетине киришкенбиз. Бирок убакытты талап кылууда. Азырынча элди башка үйлөргө жайгаштырып жатабыз: убактылуу жашап туруу үчүн жеңил конструкциядагы палаткалар, же туруктуу үйлөрдү чечип берип жатабыз. Буларды курулушчулар да пайдаланып жатат. Буга бардык областтар жардам берүүдө.

423 үйдүн баарынын орду тазаланып бүттү. Фундаменттер куюуп жатат. Курулуш материалдары ташылууда. Кирпич, арматура, цемент заводдор менен келишимдер түзүлдү. Ишти жөнөкөйлөштүрүү үчүн ыңгайына карап, бир ген.подрядчик, субподрядчиктер бардыгы аныкталды. Биз эч коркпостон жаңы генплан менен шаарча, айылдарды салуу чечимин кабыл алдык. Мисалы, Капчыгай жана Достук айылдарына таптакыр жаңы үйлөр тургузулат, айылга керектүү бүт инфраструктура салынат.
Биздин биринчи күндөн баштап киришкен аракеттерибиз эл ичинде ишеним жаратты. Башында “жашабайбыз, коркуп жатабыз” деген жарандарыбызда бүгүн – “кетпейбиз, чек араны жоокерлер менен бирге кайтарабыз” деген патриоттук жакшы дем пайда болду. Эл биз менен кошо үйлөрдү салууга киришти. Көбү кайтып келишти” — деди Минкаб төрагасы.

Дүйнөлүк банк Баткен өнүктүрүү программасына 50 млн доллар берүүгө макул болгонун, анын ичинен Региондордогу өзгөчө кырдаалдар үчүн деген 10 млн долларлык долбоорун АРИС аркылуу соц объекттерге бергени жатканын, тийешелүү документтер бүткөнүн айтты.

Баткен үчүн элдик салымдан чогулган каражат толугу менен элге берилерин белгиледи.

“Элден чогулган счётко 327 млн сом чогулду. 30 жылдан берки элдин бийликке болгон ишеничи абдан түшүп кеткен. Бирок катуу эскертип коёюн: биз бул 327 млн сомдон бир тыйынын да албайбыз – Элдикин элге беребиз. Бүт бойдон жабыркаган жарандарга берилип жатат. 327 млн сомдун жанында мамлекеттен жумшалып жаткан каражаттын салмагын сиздер да элге жарыялап, айта жүрсөңүздөр деп суранам” — деди Акылбек Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button