Кыргызстандын аймагында 19-октябрда саат 16:09да жер титирөө катталды. Анын очогундагы күчү 4 баллга жетти, деп билдирди Улуттук илимдер академиясы.

Жер титирөөнүн очогу Фергана тоо кыркаларында, Байбиче айылынан түндүк-чыгышка 15 чакырымда, Кара-Дөбө айылынан

батышка 19 чакырымда, Салам-Алик айылынан түндүк-чыгышка 22 чакырымда, Кош-Дөбө айылынан түндүк-чыгышка 27

чакырымда, Жерге-Тал айылынан түндүк-чыгышка 35 чакырымда, Ош шаарынан чыгышка 112 чакырымда жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Салам-Алик, Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 3 баллга, Жерге-Тал айылында 2,5 баллга сезилди.