Коом

2022-жылдын башында энергетиканы өнүктүрүүгө мамлекет 12,5 млрд сом бөлгөн

Быйылкы жылдын башында энергетиканы өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 12,5 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө каржылоо 15,5 млрд сомго жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.

«Отун сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого — 9 млрд сом, Камбар-Ата-1 ГЭС курулуш иштерин баштоого даярдык көрүү этабына 1,6 млрд сом бөлүндү. Үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин Токтогул ГЭСинин 4-гидроагрегатын ишке киргизүү пландалууда. Натыйжада, Бишкек ЖЭБиндеги жүктөм бир топ кыскарат», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Ал белгилегендей, быйыл өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын көрсөткүчтөрү былтыркыга салыштырмалуу жакшы.

«Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 1,5 млрд куб метрге көп. 2022-жылы өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 16 млрд кВт саатты түзөт. Электр энергиясына болгон керектөөнү камсыздоо максатында Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан Республикасы менен тиешелүү келишимдер түзүлдү», — деди Акылбек Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button