Агроөнөр жай комплексине мамлекеттик колдоонун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым эсеге, же 26,6 млрд сомго көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Президент мамлекеттик колдоонун көлөмүнүн кескин жогорулашынын жана бул тармактын чыныгы адистеринин күжүрмөн эмгегинин аркасында 
2022-жылдын жыйынтыгында болжол менен 366,0 млрд сомдук айыл чарба продукциясын өндүрүүсү, же өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 42,0 млрд сомго, өсүү темпи 11,0 пайызга көбөйөрү күтүлүп жаткандыгын айтты.

Жапаров агрардык өлкө саналган Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин негизги багыттарынын бири — тамак-аш жана кайра иштетүү сектору экендигин баса белгиледи. Бул тармакта үстүбүздөгү жылда жаңы 29 ири жана орто ишкана, 46 кичи ишкана түзүлүп, бул ишканаларда жаңы 750 жумушчу орун пайда болду.

«Кластердик өндүрүштү тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын базасында түзүү жана аларды туруктуу өнүктүрүү максатында республикалык бюджеттен 10 млрд. сом каралып, бул багытка республикалык бюджеттен 3,4 млрд. сом бөлүндү, жыйынтыгында социалдык маанидеги азык-түлүктүн 9 түрү боюнча кластерлер түзүлүп, тармакта кластердик өндүрүш жандана баштады.

Ушул аракеттердин натыйжасында тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай секторунда 2022-жылдын январь-август айларында 32,7 млрд. сомдук продукция өндүрүлүп, тармактын өсүү темпи 112,3 пайызды түздү, же 
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,8 млрд. сомго көбөйгөн», — деген президент өлкөнүн суу, токой, балык чарба тармактарында да алгылыктуу иштер жүрүп жаткандыгына жалпы эл күбө экендигин кошумчалады.