Атамбаевдин сүйгүнчүк генералы, “көк пакетинин” ээси, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов жубайы К. Усенканова экөө 2017-жылдан бери М. Башкурт, И. Түрк баш болгон 6-7 түрк ишкерлеринин 13 миллион АКШ долларын “алтын буюмдарын сатып беребиз” деп алышып, же товар же, акча бербей сызга отургузуп келе жатышат. Эки өлкөнүн мамилесине терс таасир тийгизчү бул окуя тууралуу Түркия элчилиги нааразылык билдиришсе да жыйынтык чыга элек. Чет өлкө инвесторлорун укуктарын коргоочу катары экс генералга жолукканда “беребиз, орду бар” деп тил эмизгени түгөнбөйт. Асанов эми оппозиция лидерлеринин катарына кошулуп, “жакында революция жасап, бийликти алмаштырабыз” деп күпүлдөп жүрүптур. Демек, Курсан Сатарович түрктөрдүн акчасын төңкөрүшкө жумшамакчыбы?

“Бир карын майды бир кумалак чиритет” демекчи, бир аткаминердин алдым-жуттумдугу бир канча чет өлкө ишкерлерин иренжитип, өлкө имиджине доо кетирип жаткандыгы тууралуу мамлекетибизде мыйзамдуулуктун бекем сакталышына катуу күрөшүп жатышкан президент С. Жапаровго, УКМК төрагасы К. Ташиевге, башкы прокурор К. Зулушевге кайрылабыз.

Ахунбай КОШОЕВ, ички иштер министрлигинин отставкадагы кызматкери.