Коом
УКМКнын аскер кызматкерлерине кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды
Баткен облусу боюнча УКМКнын аскер кызматкерлерине кызматтык батирлердин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү.
2022-жылдын 21-октябрында Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Баткен облусу боюнча УКМКнын аскер кызматкерлерине капиталдык оңдоодон өткөн 16 кызматтык батирлердин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын УКМКнын Төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев, Баткен абласттык УКМКнын башкы башкармалыгы жана өздүк курамы катышты.
Батирдин ачкычтарын тапшыруу учурунда УКМКнын Төрагасы генераль-лейтенант К.К.Ташиев мамлекет тарабынан алыскы тармактарда кызмат өтөгөн аскерлердин жашоо-тиричилик шарттары мындан ары да жакшыртылышы уланаарын баса белгиледи.