Бүгүн, 28-октябрь күнү саат 8:30дан баштап Сосновка бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” ишканасы кабарлады.

Бишкек-Ош унаа жолунда аба ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Анын негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталат.