Коом

Ош жана Нарында жети миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөндөргө 200 миң сомдон берилди

Ош жана Нарын облустарында 7 миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн наристелердин ата-энелерине 200 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрү билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда өлкөнүн жети миллионунчу жаранына удаалаш төрөлгөн наристенин ата-энесине 200 миң сомдук сертификатты президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев тапшырды. Наристени Айжан Айтмаматова 19-октябрда саат 02:25тер чамасында бул жарык дүйнөгө алып келген.

Ал эми Нарын облусунда Кыргызстандын жети миллионунчу жаранына удаалаш төрөлгөн наристенин ата-энесине 200 миң сомду облус жетекчисинин орун басары Элмира Садыкова тапшырды. Бул наристе Өмүргазиев Бектемир менен Чынарбек кызы Элнуранын үй-бүлөсүндө жарыкка келген.

Ошондой эле Садыкова жаш жубайларга облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун саламын жолдоп, 10 миң сом өлчөмүндөгү сүйүнчү акчасын тапшырса, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Анара Орозказиева райондук администрация менен Эмгекчил айыл өкмөтүнүн атынан коляска белек кылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда түнкү саат 02:10до төрөлгөн уул бала болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button