Кеңеш

Кофе, өтө ысык чай ракты пайда кылышы ыктымал. Адистин пикири

Күз, кышта чай, кофе сымал ысык суусундуктар адамды бир аз жылытат. Бирок бул адат рак оорусун пайда кылышы мүмкүн экенин гастроэнтеролог Сергей Вялов эскерткенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, жогорку температурадагы чай же кофе оозду күйгүзүп салышы ыктымал. Бул учурда былжыр челдин клеткалары жабыркайт. Эгер мындай адат дайыма кайталана берсе, анда онкологиялык оору пайда болот.
«Өтө ысык суусундуктарды көп ичкен учурда былжыр челдин клеткасы өлөт. Ал жаңыдан калыбына келе баштаганда кайра ысык суусундук ичип аны жабыркатабыз. Эгер бул нерсе бат-баттан кайталана берсе, клетка бузулуп залалдуу шишикти пайда кылат», — деген Вялов.
Мындан тышкары, ысык суусундук ашказанды да жабыркатып, гастритке алып келери айтылды. Ошол себептен чай, кофени 30 градустан ысык кылбай ичиш керек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button