Коом

Перс булуңундагы өлкөлөр кыргызстандыктарды жумушка алууга даяр

Сауд Арабиясы жана Перс булуңунун башка алты өлкөсү Кыргызстандын жарандарын жумушка алууга даяр. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Перс булуңунун өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу боюнча кызматташуу боюнча Эмгек министрлиги менен алардын өкүлдөрү болгон жеке компаниянын ортосундагы макулдашууга кол коюу аземинде билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров эмгек миграциясы, кыргызстандыктарды чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө ишке орноштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурат. «Эмгек министрлиги биздин жарандарды Перс булуңунун алты өлкөсүндө мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча келишим түздү, бул Сауд Аравия, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт жана Иордания», — деди аткминер.

Бүгүнкү күндө бул өлкөлөрдө 815 бош орун бар, ошол эле учурда чакырган тарап визаны бекер берип, авиакаттамды төлөйт. Талапкер иш кагаздарын жүргүзүүгө кеткен чыгымды төлөбөйт.

Эмгек министрлиги маалыматты жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан тиешелүү бөлүмдөн, ошондой эле www.migrant.kg сайтынан алса болорун  белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button