Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия тууралуу оюн билдирди.

“Ооба, депутаттык комиссия түзүлдү. Айрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, «Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур», — деп жалаа жабууга аракеттерди кыла башташканда өзүм демилге көтөрүп, «депутаттардан турган комиссия түзгүлө» деп эл өкүлдөрүнөн сурандым. “Комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн да кошуп алгыла” дедим. «Комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап берсеңер» дедим эле, тилекке каршы, макул болбой койгонбу, айтор Исхак Масалиев комиссиянын төрагасы болуптур”, — дейт Жапаров.

Өлкө башчы депутаттык комиссияны “Кумтөргө” барып, текшерүү иштерин жүргүзө турганын айтты.

“»Кумтөргө» барып, ийне-жибине чейин текшерип келишсин, анан элге жарыя кылышсын. Канча алтын казылыптыр, кайда сатылыптыр, канчасы Улуттук банкта сакталуу экен, уурдалыптырбы же уурдалбаптырбы – баарын айтып беришсин. Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат. Өз көздөрү менен көрүп келишсин”, — деди президент.