Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Риши Сунакты Консерваторлор партиясынын жаңы лидери болуп шайланышы жана Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Сиздин Улуу Британиянын Өкмөтүнүн башчысы кызматына киришүүңүз кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгын жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга түрткү берет деп терең ишенем”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Риши Сунакка чың ден соолук жана бакубаттык, жогорку мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Улуу Британия элине бейпилдик жана өнүгүү каалады.