Социалдык тармактарда саясатчы Равшан Жээнбеков менен Перизат Суранованын сүйлөшкөн сөздөрү тарап жатат.

Анда, Равшан Жээнбеков “Биз орустардан алдыга кеттик. Аларга салыштырмалуу бизде аябай жакшы. Баардык оппозиция “Демократиялык оппозиция” деп атайбыз өзүбуздү.Баардыгыбыз ошо Европада окуган немелербиз. Алардын көпчүлүгү өлкөлөрүнөн чыгып кетишти. А мен өлкөдөн кетпей, тескерисинче телеканалдарым иштеп жатат”, — деген оюн билдирген.

Мындан тышкары аудио жазууда Жээнбеков 2011-жылы Американын Кыргызстандагы элчиси Памелла Спратленден Кыргызстанда жаштар парлменттин түзүү үчүн 100 миң доллар сурагынын, Элчи аны эртеси күнү дайындап бергенин айтат.