Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичирайонунда “Бахрейн” социалдык айылынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун президенти Саид Баюми баштаган курулушка демөөрчүлүк кылган Бахрейнден келген коноктор жана шаар тургундары катышты.

«Бахрейн» социалдык айылын курган “Ассанабиль” коомдук кайрымдуулук фондуна, Бахрейн мамлекетиндеги “Каф Аль инсания” уюмуна, ошондой эле долбоорду ишке ашырууда салым кошкон “Бичерики” кайрымдуулук уюмуна өзүмдүн жана Жалал-Абад шаарынын элинин атынан терең ыраазычылык билдирем. Биз сиздер менен ар дайым кызматташууга жана достук мамилени бекем сактоого кызыктарбыз», — деп билдирди шаар мэри Эрнисбек Ормоков өз сөзүндө.

Аталган шаарча 2020-жылдын ноябрь айында курулуп баштаган. “Бахрейн” социалдык айылында 24 батирлүү турак жайлар, 250 орундуу заманбап мектеп, бала бакча, тигүүчү цех, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты жана мечит бар. Мындан сырткары, атайын таза суу да чыгарылган.

Ал эми жергиликтүү бийлик шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен 1,25 га жер аянтын ажыратып, трансформатор, суу жана саркынды суу түтүкчөлөрүн жаткыруу сыяктуу жумуштарын жасоого шаар бюджетинен 1,5 млн сом акча каражатын бөлүп берген.

Белгилей кетсек, «Бахрейн» социалдык айылындагы батирлер комиссиянын чечими менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, ата-энеси жок балдарга берилди.