Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Эр-Рияд шаарында жолугушканда президент Садыр Жапаровдун иш сапарын уюштуруу темасы талкууланды.

Министрдин орун басары Азизбек Мадмаровдун маалыматы боюнча, бул сапар маанилүү болуп эсептелет. Ошондой эле кыргыз-араб мамилесине оң натыйжа берет деп күтүлүп жатат.

Эске салсак, 7-ноябрда Эр-Рияд шаарында Кыргызстан жана Сауд Аравия Падышалыгынын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде биринчи Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелер болуп өттү.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин учурдагы жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти жана эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн кеңири талкуулашты.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана Кыргызстанда туризм, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү зарылдыгын белгилешти. Ушуну менен бирге С.Ас-Сати саудиялык инвесторлордун кыргыз тарап менен тыгыз байланыш түзүүгө, биргелешкен долбоорлорду жана ойлорду алдыга жылдырууга кызыкдар экендиги тууралуу билдирди.

Саудиялык тарап Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фонду жана Падыша Салмандын Гуманитардык жардам борбору аркылуу социалдык долбоорлорду жана кайрымдуулук акцияларын ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Тараптар Бишкекте кыргыз-сауд бизнес форумун, биргелешкен Ишкерлер кеңешинин жыйындарын ийгиликтүү өткөрүү, эки өлкөнүн ортосунда түз туруктуу аба каттамдарын эртерээк ачуу жана кыргыз жарандары үчүн Сауд Арабияга кирүүгө визалык талаптарды жеңилдетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди багыттоого макулдашышты.