Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук социалдык тармактагы баракчасына Кыргызстандагы курулуш иштери тууралуу төмөнкүдөй маалымат калтырган:
«Урматтуу достор, айрымдар “Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө” деген маанайдагы маалыматты чыгарууда. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилер боюнча маалымат менен дагы бир жолу бөлүшүүнү туура көрдүм.
Мамкурулуш тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин республикалык бюджеттин эсебинен 193 объекттин курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары 6 млрд 172,1 млн сомго бүткөрүлгөн, алар:
— 99 мектеп;
— 25 бала бакча;
— 16 саламаттык сактоо объекттери;
— 6 маданият тармагындагы объекттери;
— 5 спорткомплекс;
— 30 калкты таза суу менен камсыз кылуу объекттери;
— 12 башка объекттер (административдик имараттар, стационардык транспорттук көзөмөл пункту ж.б.).
Анын ичинде облустар боюнча:
Чүй облусунда — 22 объект;
Баткен облусунда — 46 объект;
Жалал-Абад облусунда — 27 объект;
Ысык-Көл облусунда — 18 объект;
Нарын облусунда — 18 объект;
Ош облусунда — 47 объект;
Талас облусунда — 15 объект.
Мындан тышкары, башка каржылоо булактардын эсебинен (кайрымдуулук фонддордун, облустук өнүктүрүү фонддорунун, жеке донорлордун каражаттары) өлкө боюнча 130 социалдык объектилердин курулуштары бүткөрүлдү» — деп жазылган маалыматта.