2022-жылдын 10-ноябрь күнү Ички иштер министрлигинде милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Бүгүнкү күндө милициянын аймактык тескөөчүлөрү укук коргоо органдарында негизги фигура болуп саналат жана жарандардын милицияга болгон ишеними алардын ишмердүүлүгүнөн көз каранды. Алар жарандардын көйгөйлөрүн кунт коюп угууга жана колдоо көрсөтүүгө жөндөмдүү болгон коргоочу, руханий маектеш.

 2022-жылдын 9 айында милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан ачылган кылмыштардын саны 6929 болсо, анын ичинен Бишкек шаарында – 2004, Ош шаарында – 759, Чүй облусунда – 2184, Ысык-Көлдө – 343, Нарында – 122, Ошто – 711, Жалал-Абадда – 518, Таласта – 124, Баткенде – 164. Бул аралыкта милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан мыйзам бузуу фактылары боюнча түзүлгөн 4477 протоколу аймактык соттордо каралган. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 9 ай ичинде милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан 43 миң 328 протокол түзүлдү. Милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан түзүлгөн протоколдор боюнча салынган айып пулдун жалпы суммасы 56 миллион 782 миң сомдон ашык. Өндүрүлгөн айыптын суммасы 38 миллион 439 миң сомдон ашык. Бардык чогулган каражаттар жергиликтүү бюджетке жумшалат.
Калктын алдындагы отчёттор милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн ишине принциптуу баа берүүгө мүмкүндүк берет. Алсак, милициянын аймактык тескөөчүлөрү тейленүүчү административдик округдагы тартиптин абалы жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу калкка маалымат беришет. Бул иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана жергиликтүү тургундардын арыздарына, кайрылууларына, сунуштарына ыкчам чара көрүү максатында жасалууда. 9 ай ичинде милициянын аймактык тескөөчүлөрү аткарган иштери тууралуу калкка 5595 жолу маалымат беришкен.
Милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн кесиби чоң жоопкерчиликти жана күжүрмөндүктү талап кылат. Алардын ролу жогору, алар калк менен түздөн-түз байланышта иштешет, алдын алуу иштерди жана административдик көзөмөлдү жүргүзүшөт. Алдын алуу иштери кылмыштуулукка каршы күрөштүн башкы приоритети болуп саналат. Учурда республика боюнча 2440 административдик округда милициянын аймактык тескөөчүлөрү күнүмдүк иш алып барышууда.
Калкты сервистик тейлөө максатында Ички иштер министрлиги пилоттук долбоордун алкагында Бишкек жана Ош шаарларындагы милициянын аймактык тескөөчүлөрүн заманбап планшеттер жана камералар менен камсыздады. 2021-жылдын декабрь айында калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында 380 планшет алышкан.
Заманбап шарттарды эске алуу менен бардык жерде ички иштер органдарынын ишине электрондук документ жүгүртүү тутумун киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Милициянын аймактык тескөөчүлөрү планшеттер менен иштешет, тейлөө аймагы тууралуу маалымат “Участканын административдик паспорту” базасына киргизилди. Топтолгон маалымат алдын алуу иш-чаралардын натыйжалуулугун арттырууга, жарандардын жана жеке менчиктин коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле кылмыштар менен укук бузууларды алдын алууга шарт түзөт.
Кадыр-баркка жана сый-урматка ээ болгон, жардам сурап кайрылса боло турган, кыргыз элинин тынчтыгын, бейпилдигин сактаган кесипкөй милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз. Сиздерге чексиз кубаныч, бактылуу күндөрдү каалайбыз. Жумуш күнүңүздөр мүмкүн болушунча тынч өтсүн.
Кыргыз Республикасынын бардык милициянын аймактык тескөөчүлөрүн кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!

ИИМдин Басма сөз кызматы