Маданият

Режиссёр Караш Жанышовдун «Перзент» тасмасы Пекинде өтө турган эл аралык кинофестивалга катышат

Кыргызстандык режиссёр Караш Жанышовдун «Перзент» аттуу кыска метраждуу фильми 18-28-ноябрда Пекинде өтө турган эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография өнүктүрүү фондунан билдирди.

Эмгек фестивалдын NOVA аталышындагы сынагына катышат.

Фильм балдар үйүндө тарбияланган Мараттын ата-энесин издегени, сойкулук менен алектенген апасын таап, андан соң оор абалда калган жашоосун чагылдырат.

«Мен балдар үйүндө жүргөндө ата-энесинен кабары жок досторум көп болчу. Аларды кичинекей кезинде эле таштап кеткен. Мектептен кийин ар бир бала ата-энесин табууга аракет кылган окуяларга күбө болгом. Андыктан ушул темада кино тартууну чечтим», — деген режиссёр Караш Жанышов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button