Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн келген мамлекет жана делегация башчылары менен биргеликте көчөттөрдү отургузууга катышты.

Бак-дарактарды биргелешип отургузуу Өзбекстанда өлкө президенти Шавкат Мерзиёевдин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан «Яшил макон» жалпы улуттук долбоорунун алкагында өттү.

Долбоордун максаты республиканын шаарларынын жана райондорунун борборлорунда жана калктуу пункттарында экологиялык абалды жана абанын тазалыгын жакшыртуу болуп саналат.

Иш-чара Өзбекстан менен ТМУнун Саммитине катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы телекөпүрө форматында өттү.

Кыргызстандын борбору — Бишкек шаарында бак-дарактарды отургузууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Түрк мамлекеттеринин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилери катышты.