Саясат

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Казакбаев эки жолу Тышкы иштер министрлигин жетектеген, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ага чейин Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунда узак убакыт иштеген.

Түркиядагы мурдагы элчи Кубанычбек Өмүралиев бүгүн Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button