«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, борбор калаанын Октябрь райондук сотунун чечими менен Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырылган.

Адвокат Кайсын Абакиров билдиргендей, ал чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

«Жолугушуу азырынча белгилене элек. Менин кардарымдын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар — гипертония, жүрөк оорулары жана кан басымы. Теңгиз Бөлтүрүктүн бойго жете элек үч баласы бар. Мен аны камоонун кереги жок деп эсептейм», — деди Кайсын Абакиров.