КР УКМК Талас облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык баңги ташуу каналына бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жыйынтыгында, КР менен Казакстан Республикасынын чектеш райондорунун жарандары тарабынан уюштурулган баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду. 

Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 3-ноябрында Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” өткөрмө постунан Талас облусунун тургуну Ш.Э.Д. кармалган.

Текшерүү учурунда шектүүнүн жанынан болжолдуу түрдө синтетикалык, жалпы салмагы 1105 граммды (1,105 кг) түзгөн баңгизаты табылган.

Кылмыш ишинин алкагында бул кылмыштуу топтун активдүү катышуучуларынын бири З.Э.З. аттуу жаран дагы кармалган.

Шектүүлөр Ш.А.Д. жана З.Э.З. Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылган.

Азыркы учурда баңгизатынын келип чыгышын, ошондой эле бул кылмышка башка дагы тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.