Коом

15-ноябрга карата аба ырайы

Бүгүн, 15-ноябрда күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 5…10 градус, Таласта 3…8 градус, Ысык-Көлдө 5…10, Нарында 2…7 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз абанын табы 9…14 градуска жетет.

Бишкек шаарында түштөн кийин жамгыр жаашы ыктымал. Абанын температурасы 7…9 градус жылуу болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button