Коом

Бишкекке жыл аягына чейин көп орундуу 120 автобус келет

Жыл аягына чейин Бишкек шаарына көп орундуу жана заманбап үлгүдөгү 120 автобус келет. Бул тууралуу  маалымат жыйынында Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган автобустарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

“Негизи 1 млрд сомго 100 автобус сатып алуу пландалган. Бирок, биз каражатты үнөмдөө жаатында бир топ иш-чараларды жүргүзүп, 100 автобустун ордуна 120 автобус сатып алганы жатабыз”, — деди ал.

Нусувалиев белгилегендей, бул автобустар бир айдын аралыгында келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button