Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы тутумунун туруктуу координатору Антье Граве айым менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушууда төрага Шакиев Антье Гравени БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору болуп дайындалышы менен куттуктап, өлкөгө ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн уюмга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле төрага былтыр сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын Жалпы дебаттарында көтөрүлгөн 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы» деп жарыялоо боюнча КР президенти Садыр Жапаровдун демилгеси колдоого алынганын эске салды.

«Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгына 30 жыл болду. Бул жылдар аралыгында БУУ менен түрдүү тармактардагы байланыштарыбыз жигердүү өнүгүп келет. Кыргызстан туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча БУУнун 2023-2027-жылдарга карата белгиленген алкактык программасына кол койду. Сиздин жетекчилигиңиздин алдында бул документ ийгиликтүү ишке ашаарына толук ишенем», — деди ал.

Өз кезегинде туруктуу координатор Антье Граве төраганы жооптуу кызматка шайланышы менен куттуктап, Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы алакалардын ар кандай багыттары тууралуу сөз кылып, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, сөз эркиндиги, жарансыздык көйгөйлөрүн чечүү жаатындагы маселелерге көңүл бурду.

Мындан тышкары, Антье Граве массалык маалымат каражаттарын жөнгө салуу, өлүм жазасына киргизилген мораторийди жоюу боюнча мыйзамдык демилгелерди кылдат талкуулоо керектигин белгиледи.

Жыйындын соңунда төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерди жана келишимдерди так аткарып жатканын ырастады. «Кыргыз эли адам укугун, сөз эркиндигин эң бийик баалуулук катары туу тутуп келген, бул жазылбаган мыйзамдар жана бардык учурда так аткарылууда. Бул биздин баа жеткис байлыгыбыз», — деген төрага реформалар сөзсүз керектигин, бирок муну менен катар улуттук баалуулуктарды сактоо зарылчылыгын кошумчалады.